Бишкектеги Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери Назгүл Сулайманова каза болду
Бүгүн, 30-июлда эртең менен Октябрь райондук акимчилигинин документтер жана контролдоо бөлүмүнүн адиси Сулайманова Назгүл Жанышевна оорудан улам көз жумду. Ал июль айында 40 жашка чыккан деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.
Назгүл Жанышевна 1980-жылы туулган. 2002-жылдан 2016-жылга чейин шаардык мэриянын борбордук аппаратында иштеп, кийинчерээк Октябрь райондук акимиатына жумушка орношкон.
Бишкек шаарынын мэриясы, Октябрь райондук акимиатынын кызматкерлери Назгүл Жанышевнанын туугандарына, досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтат дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.