super.kg logo

Анын 44ү дарыгер. Өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан 73 медициналык кызматкер каза болгон

 

Бүгүн, 30-июлга карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 73 медицина кызматкери лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Каза болгондордун ичинен 44ү дарыгер;

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген орто медициналык билими бар адистер – 18;

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кенже медперсонал – 3;

Саламаттыкты сактоо министрлигинин саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген башка кызматкерлер – 8;

Тизмеге саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, ошондой эле жеке уюмдарда, башка ведомстволордун медициналык кызматында иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Компенсациялык төлөмдөр толук эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген "Компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" жобого ылайык эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: