super.kg logo

"Айылдык балдарда кара күч көп, таланттуулар да арбын". Өзгөндүн Мырза-Аке айылына ири спорт комплекси курулууда

 

Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылына ири спорт комплекси курулууда. Бул ишти Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов демилгелеп, 28-июлда комплекстин курулушуна капсула салуу аземи болду. Ага катышкан Маматов учурда эпидемиолиялык абалга байланыштуу туш тараптын баарында негативдүү маалыматтар каптап жатканын, ага каршы позитивдүү иш-аракеттер менен элдин маанайын көтөрүү максатында курулушту баштаганын белгиледи.

Айтымында, өзү туулуп, өскөн бул айылга туруктуу жардам көрсөтүп келет. Ушул жылдын 23-февралында майрамга карата Мырза-Аке жаштарына футбол, волейбол, аламан улак боюнча мелдеш өткөрүп берип, ошондо айылга ири спорттук комплекс курууну убадалаган.

"Айылда эл көбүнчө сезондук жумуштар менен алек, демек бош убакыт көп. Бул убакытта пайдалуу нерселер менен алектенбесе, өзгөчө жаштар арасында жаман жоруктар күчөйт. Анын үстүнө айылдык балдарда салыштырмалуу кара күч көп, таланттуулар да арбын. Учурда футбол кесип катары саналып калды, жаштайынан жакшы машыкса 17-18 жашынан тартып футболдук клубдарда ойноп, акча да таап, билим да ала беришсе болот. Ошол эле учурда айыл эли спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдашса максатыбызга жеткен болобуз. Мындан улам спорттук комплекстин курулушун аксакалдардын батасы менен баштадык. Бул иштерде "Мырза-Аке" жаштар биримдиги да жардамын көрсөтүп жатат", - деди Маматов.

Ошондой эле ал Өзгөн районунун Мырза-Аке, Салам-Алик, Ак-Жар, Көлдүк, Алтын-Булак, Дөң-Айыл айыл өкмөттөрүнө пандемияга байланыштуу 15 даана кычкылтек концентраторун тапшырды.






Мырза-Аке айылына ири спорт комплекс курулууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.07.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
30.07.2020. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштерди кылабер ишиңе ийгилик
30.07.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз дайыма элге пайданызды тийгизип журо бериниз анан качан шайлоо жакындап калганда гана чыга калбай
30.07.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, жакшы болуптур. Жаштарды жакшы жака угутогон иштерди, ишке ашырылып
01.08.2020. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоону жыл сайын откозуш керек да озу мамлекет, тез эле онолуп кетчудойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: