super.kg logo

Өлкөгө 14 миллиард сомдук дары-дармектер алып келинди, анын 2 миллиард сомдугу коронавирус илдетин айыктырууга зарыл каражаттар

 

Өлкөгө жалпы 14 миллиард 300 миллион 646 миң 148 сомдук дары-дармектер жана медициналык каражаттар алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары каражаттары жана медициналык шаймандар департаментинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, эми өлкөдө коронавирус инфекциясын дарылаганга зарыл болгон дары-дармектердин тартыштыгы жок. Жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы дары каражаттардын ичинен 2 миллиард 100 миллион сомдугу коронавирус илдетин дарылоого зарыл болгон каражаттар.

Мындай иш-аракеттер мамлекеттик органдардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, фармацевтикалык компаниялардын, ыктыярчылар, активисттер жана абалга көңүл кош карабаган бардык тараптардын жардамы менен ишке ашып жатканы белгиленет маалыматта. Муну менен катар эле ата мекендик дарыларды жана медициналык каражаттарды өндүрүүчүлөр өндүргөн товарынын көлөмүн көбөйттү. Департамент өлкөгө коронавирусту дарылоого керек болгон дарылар август айына чейин дагы алып келинери күтүлүп жатканын белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
28млд болуп сатылат экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: