Өлкөдөгү ооруканаларга 560 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлөт






Бүгүн, 30-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ыктыярчылар "Ас Салам" коомдук фондунун линиясы боюнча келип түшкөн 560 кычкылтек концентраторун кабыл алуу жана бөлүштүрүү иш-чарасына катышты. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, вице-премьер-министр мамлекетке COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдон келген көмөгүн көрсөтүп жаткан "Ас Салам" коомдук фондуна, жалпы ыктыярчыларга жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирген.
"Бүгүн президенттин колдоосу аркылуу "Ас Салам" коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем", - дейт вице-премьер-министр.
Ошондой эле өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, ыктыярчылардан келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүп жатканын белгилеген. "Ас Салам" фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев ушундай кыйын кырдаалда элибиз биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керектигин кошумчалады.
"Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бири-бирибизди сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек", - дейт ал.
