super.kg logo

Дүйнөдө туризм тармагы 50 пайызга кыскарды

 

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө туризм тармагы 50 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк туризм тармагы билдирген.

Уюмдун маалыматы боюнча, пандемиядан улам, эл аралык туризм тармагы ушул жылдын январь айынан май айына чейинки аралыкта 320 миллиард долларга жакын каражат жоготкон. Бул көрсөткүч 2009-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризистен улам келтирилген зыяндан үч эсе көп.

Чектөө чаралары жана учууга тыюу салуу 2020-жылдын алгачкы беш айында туристтердин санын 300 миллионго азайтты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56 пайызга аз. Май айында сапарлардын саны 98 пайызга азайды деп айтылат уюмдун отчётунда.

Бул туризм экономиканын негизги таянычы болгон мамлекеттерге катуу сокку урду. Алар: Мальдив аралдары, Сейшел жана Багамы аралдары. Таиланд менен Филиппин дагы олуттуу экономикалык жоготууга учураган.

Европада Испаниянын ички дүң продукциясынын 14,9 пайызы жана Италиянын 13 пайызы туризмден көз каранды.

Коронавирус инфекциясы дүйнөдө 17 миллиондон ашык адамдан аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: