Жалал-Абад. 87 энеге "Баатыр эне" наамы берилди

Бүгүн, 13-сентябрда Жалал-Абад шаарында 87 энеге "Баатыр эне" наамы, 4 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Аны шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев тапшырып, энелерге ак жоолук салуу менен катар куттуктоо сөзүн айтты. Мэриядагы мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Үпөл Асаналиеванын айтымында, бул наамдар 2010-2011-2012-жылдар аралыганда берилбей калып, эми тапшырылып жатат. "Өлкө башчысынын жарлыгы менен ыйгарылган бул наамды алган энелердин пенсиясына ай сайын 1000 сомдон кошулат",- дейт Асаналиева.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

