Ош шаарында дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкектен табылды
Изделип жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Биринчи Май райондук күзөт кызматкерлери саат 19:00 чамасында "Ала-Тоо" аянтында жүргөн кыздын документин сурашкан. Жыйынтыгында ал изделип жаткан Айтурган Өмүрбекова болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал ата-энеси менен урушуп кетип, Бишкекке келе бергенин айткан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Жоголуп табылган кыз Ош шаарынан болот. Ал 5-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Билем, билем дедин сен - болгон экен да кысталак