super.kg logo

Өлкө башчы Кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу момун мусулмандар! Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайм. Бүгүн, Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай каалайм. Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин. Баарыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун. Сүйүктүү Кыргыз өлкөбүздү Кудайым өзү колдосун!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: