super.kg logo

Кытайлык дарыгер: "Жергиликтүү бийлик коронавирусту жаап-жашырууга аракет кылган"

 

Кытайдын Ухан шаарындагы коронавирус инфекциясын изилдөөгө катышкан кытайлык дарыгер Квок-Юн Юэн жергиликтүү бийлик коронавирусту жаап-жашырганын айтты. Бул тууралуу дарыгер Би-Би-Сиге берген маегинде айткан.

"Биз Хуанандагы базарга барганыбызда, көп деле нерсе жок болчу. Анткени базар ошол мезгилге чейин тазаланган болчу. Чындыгында оору чыккан жерде эч кандай далил болгон эмес. Ошондуктан вирусту кайсы жаныбар алып жүргөн жана адамга жуктурган дегенди таба алган жокпуз", - деген дарыгер.

Анын айтымында жергиликтүү бийлик далилдерди жок кылышып, дарыгерлердин тыянактарына өтө эле жай реакция кылышкан.

"Менин оюмча алар Ухандагы айрым маалыматтарды жашырышкан. Колдо болгон маалыматты тезинен өткөрүп берүү керек болгон жергиликтүү бийликтер буга даяр эмес экен", - деген Квок-Юн Юэн.

Буга чейин дагы гонконгдук вирусолог Ли-Мэн Ян Кытай жетекчилиги коронавирус жөнүндө алар кабарланганга чейин эле билишкендигин айткан.

Бүгүнкү күндө коронавирус дүйнөдө 671 миңден ашык адамдын өмүрүн алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
31.07.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне себеп болду жашырганга?ушунун жообу жок болуп жатат да
31.07.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайды илгертеден эле жаман көрчү элем! Азыр воопше жаман көрүп калдым ушул кытайларды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: