super.kg logo

Өкмөттө "Төө-Ашуу" ашуусунда акы төлөнүүчү туннель куруу боюнча инвестициялык демилге каралды

 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Бишкек-Ош жолундагы "Төө-Ашуу" ашуусунда акы төлөнүүчү туннель куруу боюнча инвестициялык демилге талкууланган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуудагы коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамдын бузулушунун алдын ала турган альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Бардык эл аралык стандарттарга жооп берген жана коопсуз жаңы инфраструктуралык объектти куруу менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болору айтылды.

"Пандемиядан кийинки кризисти эске алып, бул долбоорду ишке ашыруу менен экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет жана товарлардын көлөмүнүн көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот. Бул жааттагы долбоорлорду жүзөгө ашырууда тажрыйбасы бар чет элдик инвесторлорго сунуш кылабыз. Инвестициялык келишимди түзүүдө өлкө жергиликтүү жана республикалык бюджеттеги кирешелердин үлүшүн аныктоо менен максималдуу пайда табуусун эске алуу керек", - деп белгиледи Алмазбек Баатырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
31.07.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жейиштин эле амалын ойлобостон боло турган иш кылсанар андан коро ошол эле тунелди жакшылап ондоп койсонор болот ичине киргенде машина чачырап кетейин дейт чыккыныча
31.07.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurbek56,Негизи ал туннелге жыл сайын акча болунот, билесинби биздин чимкириктер аны да жеп алатта, жадакалса ичиндеги лапочкаларын убагында алмаштырбайтко. Биздин чиновниктер олбостой жашайтко чиркин
31.07.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр не Бекер откоробу ойлонсонор
31.07.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо болуптур Темир жол салса болот эле
Жургунчуго да оор жукко да поезд ынгайлуу эле
Авария да азыраак болмок
31.07.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир жол салса жакшы го дейм бирок ошол Темир жол биснесмендердин жолун тосору аныкко. Биринчиден автовакзалга тасирин тийгизери анык
01.08.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетибизде мыкты президенттин жоктугун далили.
Мисалы канча сом болот?
Посстордон толоп эле отуп жатышат баары.
Бул деген элди алдап акча жасоонун жолу.
Эмнеге эгемендуулук алган жылдардан ушул кунго чейинки жооптуу кызматтарда иштегендердин пенсиясын жокко чыгарбайсынар?
Копчулугу буйрукту аткарып,жон гана казынага зыян келтиришкен.Пенсиялар 1-августтан баштап берилбесин.
01.08.2020. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сунушту акыл эси жайында адам кабыл албайт деп ойлойм.
Мамлекеттен элге жардам болбогондон кийин,айлыктар аз,казынага тушо турган булактардан акчалар козомолдонбосо,элди кыйнап бутту го бул бийлик.Жетет суу озубуздо бар туруп жарыкка (свет) болгон толом 700кВтч кийин 2.16 сомдон толоп жатабыз.
Ооруканалар бекер болбосо,
Ооруканаларга элди ойлоп заманбап жабдыктар алынбаса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: