super.kg logo

Муфтий: "Курман айт - кайрымдуулуктун, жакшылыктын майрамы"

 

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз өлкөсүндөгүлөрдү Курман айт майрамы менен куттуктады.

Муфтий куттуу Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экендигин айтты.

Бул күндөрү жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар, сооп иштер кабыл болушун тиледи.

"Азыркы маалда илдет менен алышып жаткан бир туугандарыбызга шыпаа берип, эртерээк сакайып, арабызга кошулсун. Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келээрин эсибизден чыгарбайлы. Ал күчүбүз барында колубуздан курмандык чалуу келбесе дагы жакын адамдарыбызга, туугандарыбызга жакшы сөзүбүздү арнайлы.

Урматтуу кыргыз элим, мекендештер! Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында элибизди ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Алла Таалам бул эпидемиядан эртерээк чыгарып, элибизге ден соолук, журтубузга ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун! Ар бирибиздин бул күндөрдө курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын кабыл кылып, ырыскыларын кең кылып, Жараткан Алла Таалам эселеп соопторун жаадырсын. Курман айтыңыздар маарек болсун!" - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: