super.kg logo

COVID-19дан көз жумган адамдын жансыз денесин сойгон дарыгерге 1250 сом төлөнөт. Медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү көбөйтүлдү

 
Коронавирус боюнча республикалык штаб медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү тууралуу маалымат таратты.
"Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады", - деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.
Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй – 900 сом бойдон калууда.

Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:

Дарыгерлер – 3000 сом (30 пайызга көбөйдү);
Орто медперсонал – 2500 сом (25 пайызга көбөйдү);
Кенже медперсонал – 2200 сом (22 пайызга көбөйдү).

Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жаткандыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 миң 300 сомду түзөт.
Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:

Дарыгерлер – 130 сом;
Орто медперсонал –120 сом;
Кенже медперсонал - 100 сом.
Үчүнчү категория: "Тез жардам кызматында" иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:

Дарыгерлер – 750 сом;
Орто медперсонал – 600 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом.

Төртүнчү категория: Өлүкканаларда иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган жансыз дененин бирөөнү сойгондугу үчүн төлөнөт:

Дарыгерлер – 1250 сом;
Орто медперсонал – 1000 сом;
Кичи медперсонал – 800 сом.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
31.07.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сойбой эле комуш керек да маркумдун денесин,сойсо ичинен сюрприз чыкмак беле?
31.07.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Неге сойот эми жөн эле көмүп койсо болбойбу
31.07.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Моргду дагы бизнес кылып алышты.Сойдурбайм десен мынча акча бер деп
01.08.2020. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулман өлкөсүндө сойдурбаш керек да, тууган уругу табылбай, же узак жакка алып кетсе гана сойбосо.
Моргдон алып келип эле жаназасын окуп, жерге бериш керек.
01.08.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баарыбыз эле сойбош керек дейбиз, бирок айла жоктун иши болуп жатпайбы. Вирус кайсы стадияда кандай зыян алып келээрин соймоюнча биле алышпайт. Ошого жараша дарылануунун жолдорун карап жатышат. Патологоанатомдун тыянагы менен жаны алгоритм тузушподубу.
01.08.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
SHAHDAR, эгер бир адам белгисиз оорудан өлүп, өлүмү табышмактуу болсо гана союлат. Ковидтен өлгөн адамдарды союштун кереги жок, аны союп алып ошого жараша даарылап дейсиң, Кыргызстанда кечирип кой аныктай алышпайт, башка медицинасы өнүккөн мамлекеттердин иши.
01.08.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой союп берген адам деле 400сом алат го, кайдан алынды төлөмдүн баасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: