super.kg logo

Чет элдик президенттер кыргыз элин жана мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

 

Чет элдик президенттер кыргыз элин жана мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: "Бакубатчылыкты, байгерчиликти символдоштурган Курман айт майрамы тынчтыкты, жакшылыкты алып келсин жана биздин элдин биримдигин арттырсын", - дейт.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди жана достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке, бакубатчылык каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон: "Бүгүнкү глобалдуу коркунучтар менен чакырыктарды ар намысыбыз менен жеңип чыгарыбызга, мындан ары дагы ислам ааламынын байгерчилиги менен жыргалчылыгын камсыз кылуу боюнча асыл максаттарга жетишүүгө биргеликте аракет кылабыз деп ишенем", - деди.

"Курман айт майрамы кылымдардан бери гуманизмдин жогорку руханий баалуулуктарын, боорукерлик менен кайрымдуулукту символдоштуруп келе жаткан эң сонун майрамдардын бири болуп саналат. Бул ыйык майрам бардык мусулман элдеринин ортосундагы биримдик менен ынтымакты мындан ары дагы бекемдерине чын дилимден ишенем", - деп айтылат Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, аманчылык жана бакубатчылык каалады.

Бирикккен Араб Эмирлигинин президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Египеттин президенти Абдель Фаттах Аль Сиси, Ирандын президенти Хасан Рухани, Алжир президенти Абдулмажид Табун дагы кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: