super.kg logo

Телеалпаруучу Максат Довранов Ала-Бука районунун медицина тармагына миллион сомдук жардам көрсөттү

 

Телеалпаруучу, тамада Максат Довранов кичи мекени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна миллион сомдук жардам көрсөттү. Кайрымдуулук иши тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жакында "Ала-Бука элине жардам" деген аталышта акция баштагам. Жердеш ага-инилер колдоп, чет жакта жашагандар да кол кабыш кылып, акча которуп жатышты. Жыйынтыгында кайрымдуу элден 1 миллион сомго чукул каражат чогулуп, ага 15 кычкылтек концентраторун, сапаттуу коргонуучу кийимдер, бет каптар, учурда керек болуп жаткан гепарин, клексан сыяктуу дарылар алынды. Кычкылтек концентраторунун 8и Ала-Бука аймактык ооруканасына берилип, калганы айыл аймактарына таратылды. Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери жардамды көрүп көздөрүнө жаш алышты. Анткени учурда ал жакта оорудан каза болгондор көп болуп жатыптыр. Алар "Медицина кызматкерлер да көп ооруп жатат, силер мындай жардам көрсөтпөсөңөр биз бейтаптарды кантип дарылакмакпыз?" дешти. Акцияны колдогон бардык ала-букалыктарга ыраазычылык билдирем" , - дейт Максат мырза.






Максат Довранов Ала-Бука районунун медицина тармагына миллион сомдук жардам көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
02.08.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Максат эле бериптир деп ойлопмун мигранттарга рахмат дегиле койойдун баарын чечкен мигранттар а мындайга келгенде аты аталбай Максат Давранов берди болуп калабы эмне?????
03.08.2020. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
AruuKasi,Туура айтасын мигранттар коп маселени чечип коюшат
02.08.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Супер ошентип жазды да,Максат озу айтыптыр го элден чогулду деп. Максатка да рахмат , ошончо уюштурганы да чоон иш
02.08.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Азаматсын. Тенирим ден соолук берсин
02.08.2020. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Asel69, теңириңе ******* жоголчу
02.08.2020. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Asel69,Ошо тенирин сени колдой берсин, если колдой алса...
02.08.2020. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кытайды чапты кырк чоро,аты калды Манаска деп коёт беле илгери
02.08.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматтар бар болгула
02.08.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уюштурган адам болбосо ошончо акча чогулмак беле. Максат иним азаматсын! Иштериңе ийгилик. "Төө десең, бээ дегендер" көбөйдү азыркы заманда.
02.08.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ана койлорду коргон пенде барбы деги. Эч эле дайындары жок да
02.08.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
KG-zigit,оттоп кетишкен го сыягы, ачка калып маарашып...)))
03.08.2020. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-zigit,жайлоолоп журушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: