super.kg logo

"41 жаш бала бар". Бишкекке Москвадан 423 Кыргыз жараны учуп келди

 

Бүгүн, 2-августта “Манас” эл аралык аэрoпортуна Москва-Бишкек багыты боюнча “Аэрофлот” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Орусиядан 423 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде 41 жаш бала бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргыз өлкөсүнө Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтууга себеби бар жарандар кайтып келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.08.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол ачыла элек экен да ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: