Орусия Кыргыз өлкөсүнө жалпы суммасы 50 миллион рублдан ашык болгон гуманитардык жардам көрсөттү
Кечээ, 2-августта Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 миллион 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргыз өлкөсүнө киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.
Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:
- коргоочу кобинезондор - 24 миң 100 даана;
- үч кабаттуу беткап - 24 миң 729 даана;
- полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5 миң 248 даана;
- бет калкандар - 10 миң 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Tolkun555

03.08.2020. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз качан жардам берген денгээлге жетебиз?Алуучу колго караганда беруучу кол жакшыраак.
Tolkun555

03.08.2020. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну дагы базарга алып чыгып саткыла.бир экоон бутка туруп аласынар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.