Коронавирустан улам 50 жылдан соң эже-сиңди бири-бирин табышкан
АКШнын Небраска штатында коронавирустан улам 50 жылдан бери көрүшпөгөн эже-сиңдилер бири-бирин табышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 73 жаштагы Дорис Криппен май айында ооруп калган. Алгач ал адаттагыдай эле сасык тумоо деп ойлоп, бирок абалы оорлошкондуктан, ооруканага кайрылган. Ал жактан ага коронавирус диагнозу коюлган жана 30 күнгө дарыланууга туура келген. Ооруканадан чыккан соң Криппен Фремонт шаарындагы ден соолукту калыбына келтирүүчү жайга кайрылат. Ал жерде анын 53 жаштагы Бев Боро аттуу сиңдиси 20 жылдан бери иштеп келет. Боро бейтаптардын тизмесинен Криппен атын угуп, ал эжеси экенин тактоо үчүн ага жолугуп, чын эле бир тууган эжеси экендигин билет.
"Мен бул нерсеге ишене албай турам. Бул менин эжем", - деген Боро.
"Мени бул жакка жөнөткөнү Кудайдын буйругу экен. Анткени мен көп жыл бою жолуккум келген сиңдимди таптым", - деген Криппен.
Эже-сиңдилер 50 жылдан бери көрүшкөн эмес. Алардын аталары бир, энелери бөлөк болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
ZUXRIDDIN20

03.08.2020. 09:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Капырлардын жашоосу ушуда эми
rola

03.08.2020. 11:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ZUXRIDDIN20,Каапыр эмес,мусулмандарда да болуп турат мындай корунуштор.
Paprikafm

03.08.2020. 14:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ZUXRIDDIN20,эмне каапырлар Адам эмесби тооба, сени деле каапыр кылып жаратып коюшу мумкун эле,атайын озун мусулман болуп торологондойсун да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.