super.kg logo

Велосипедчен адамды сүзүп алган Талас облусунун башчысынын жардамчысына баш коргоо чарасы каралды

 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин жардамчысы Марслатбек Шералиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анда Талас райондук соту аны 2 айга камакка алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

30-июль күнү саат 17:30 чамасында Көк-Токой айылында Toyota runner унаасын 53 жаштагы Марслатбек Шералиев башкарып бараткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде велосипед менен бараткан адамды сүзгөн. Андан кийин жол четинде токтоп турган Мерседес-Бенц Гигант унаасын сүзүп токтогон. Ал эми велосипедчен жабырлануучу 23 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Ал Манас райондук ооруканасына жеткирилип, көп өтпөй каза болуп калган. Айдоочуну экспертизадан өткөрүшкөндө ал мас абалда болгону аныкталган. Манас РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Унаа айып короосуна токтотулган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.08.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пайгамбар жашка чыгайын деп калган экенсин,аракка балээ барбы,арак ичип,унаа айдап,жаштарга корсоткон тарбиянар ушулбу?гулдой жигиттин омурун алып отурун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: