super.kg logo

Дүйнөнүн Батыш өлкөлөрүнө асмандан табышмактуу үрөндөр түшүрүлгөн. АКШ биотеррорчулуктан кооптонуп жатат

 

АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана Улуу Британияга табышмактуу үрөндөр түшүрүлгөн. Биотеррорчулуктан кооптонуп жаткан Батыш өлкөлөрү Кытайдан чочулоодо. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин агрономдор "тургундарга зыяндуу өсүмдүктөрдүн данын жөнөтүшкөн" деп шек санап, алынган үрөндөргө тийбөөгө, аларды балдардан жана үй жаныбарларынан алыс кармоого чакырышкан. Мындан тышкары үрөндүн ким тарабынан жиберилгендиги тууралуу АКШда ар кандай пикирлер жаралган. "Мындай чакан целлофан баштыктардагы үрөндүн келип чыгышын билбей туруп баалоо кыйын экендигин, бирок өсө
турган бардык нерсе коркунучтуу болушу мүмкүн", - деп белгилеген
Улуу Британиянын айыл чарба
коомунун өкүлү Жералд Кловери.

Ал эми тайвандык жалпыга маалымдоо каражаттары айтылып жаткан табышмактуу үрөндөрдүн үчүнчү өлкөдөн алынгандыгын жана жеке логистикалык компания тарабынан иштелип чыккандыгын аныктоого мүмкүн экендигин айтышкан.

АКШнын почта кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Кытайдан келген буюмдарды текшерүүдө даректер жасалмаланып, каталар да болгону белгилүү болгон. Ал эми эксперттер өмүргө коркунуч келтирбеген үрөндөр деген жыйынтыкка келишти. Тагыраагы капуста, ашкабак, роза, жалбыз, розмарин, лаванда сыяктуу жана башкаларга.

Буга чейин ар кайсы өлкөлөрдүн жашоочулары Кытайдан почта аркылуу табышмактуу уруктарды чакан баштыктардан алышкандыгы маалым болгон. Адамдар чакан, тунук баштыктардан белгисиз өсүмдүктөрдүн кара же ак уруктарын табышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
03.08.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тойгозду ушул Кытай деген балакет немелер
talaa11 түзөттү 2020-08-03 19:23:28
03.08.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Насвай го
03.08.2020. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эле Кытай запарили ушу Кытайлар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: