super.kg logo

Коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин эки үй-бүлөсү гана компенсация алышкан

 

Медицина кызматкерлерине 5 айдын ичинде жалпы 807 миллион сом компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

"Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда иш милдеттерин, кесиптик вазийпаларды аткаруу учурунда коронавирус жуктуруп алгандар 200 миң сом, каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом белгиленген.

Атайын түзүлгөн комиссия төмөндөгү документтердин негизинде чечим чыгарат:

  • Ооруга кабылган жагдайлар жөнүндө акт;
  • Ооруганы жөнүндө күбөлүк;
  • Көз жумган учурда нотариустан ырасталган күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Сумманы алууга укуктуу адамдан компенсация төлөтүп алуу боюнча арызы;
  • Кызматкердин оорудан көз жумганы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу;
  • Үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

3-августка карата коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринен 40тай арыз келип түштү. Анын ичинен 4 арыз боюнча акча каражаты которулду. Калган документтери далилденбеген үчүн кайтарылган. Коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн эки үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилген. Комиссия тарабынан башка учурлар да каралууда. Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге жана эпидемиянын алдын алуу боюнча күрөшүүгө атайын тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр 5 ай ичинде министрлик тарабынан медицина кызматкерлерине жалпы 807 миллион сом компенсация төлөнүп берилди", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: