super.kg logo

Кытайдан Бишкекке дагы 78 кычкылтек концентратору сатып алынды

 

Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына кечээ чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору алып келинди. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берилди.

"Буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1 миң 500 кычкылтек концентратору алып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынан 2 миң кычкылтек концентраторун сатып алды", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
03.08.2020. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вирусту жайып салып бизнес кылып жыргашты.Кудайга шугур эменси болсо да басандады вирус.. Аллахым биротоло жок кылсын амииииин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: