super.kg logo

"Forbes" журналы орусиялык шоу-бизнестеги эң бай жылдыздарды атады. Үчтүктө Шнуров, Крид жана Билан бар

 

"Forbes" журналы орусиялык шоу-бизнестеги эң бай жылдыздарды атады. Үчтүккө Сергей Шнуров, Егор Крид жана Дима Билан кирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Forbes" шоу-бизнестеги кирешеси эң көп 20 жылдызды рейтингге киргизген. Анда 2019-жылдын 1-майынан тарта 2020-жылдын 30-апрелине чейинки өнөр адамдарынын кирешелери эсепке алынган.

Биринчи орунда «Ленинград» тобунун лидери Сергей Шнуров ээлеген. Анын жылдык кирешеси 8 миллион 800 миң долларга бааланган. Экинчиликте поп-ырчы Егор Крид (6 миллион 900 миң доллар) жана Дима Билан (6 миллион 800 миң доллар) үчүнчүлүктө жайгашкан.

Жалпы рейтинг төмөндөгүдөй:

  1. Сергей Шнуров — 8 миллион 800 миң доллар;
  2. Егор Крид — 6 миллион 900 миң доллар;
  3. Дима Билан — 6 миллион 800 миң доллар;
  4. Баста (Василий Вакуленко) — 6 миллион 600 миң доллар;
  5. Филипп Киркоров — 6 миллион 600 миң доллар;
  6. Полина Гагарина — 6 миллион 400 миң доллар;
  7. «Би-2» — 6 миллион доллар;
  8. Григорий Лепс — 5 миллион 300 миң доллар;
  9. Тимати (Тимур Юнусов) — 5 миллион 100 миң доллар;
  10. Иван Ургант — 5 миллион 100 миң доллар;
  11. Сергей Жуков (группа «Руки вверх!») — 5 миллион доллар;
  12. Николай Басков — 4 миллион 500 миң доллар;
  13. Сергей Лазарев — 4 миллион 400 миң доллар;
  14. Александр Ревва — 4 миллион 400миң доллар;
  15. Ксения Собчак — 4 миллион 400 миң доллар;
  16. Дмитрий Нагиев — 4 миллион 300 миң доллар;
  17. Стас Михайлов — 3 миллион 600 миң доллар;
  18. Максим Галкин — 3 миллион 400 миң доллар;
  19. Валерий Меладзе — 3 миллион 200 миң доллар;
  20. Zivert (Юлия Зиверт) — 3 миллион 100 миң доллар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
03.08.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы убакта аябай керектүү жаңылык экен
04.08.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага 20 мин доллар болсо Гана квартира алып алсам жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: