"Эл аралык уюмдар 9 миллион сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттарды жардам катары беришкен" дейт өзгөчө кырдаалдар министри
Эл аралык уюмдар 9 миллион сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттарды жардам катары беришкен. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта онлайн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.
"Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр өзүнүн чоң салымын кошушкан. "Кызыл жарым ай" улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана өнүгүү программасы жана башкалар. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан эл аралык уюмдар 9 миллион сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товарлар жардам катары берилген. Алардын баары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө, ошондой эле Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана башка мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган", - деди ал.
