Катар мамлекети Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөттү
Бүгүн, 3-августта "Манас" эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Жакынкы чыгыштагы мамлекет Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 миң долларды түзөт. Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.
"Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген Кыргыз жарандарынын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек - коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди Бакыт Жангазиев.
Ал кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.
