super.kg logo

Ысык-Көлдө ата мекендик компания жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады. Президент компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Ысык-Көл облусунда "Айко Сейко" компаниясы ата мекендик өндүрүштөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта Ак-Суу районундагы атайын кийимдерди тигүүчү "Айко Сейко" ЖЧКсы текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуев маалымдагандай, алардын негизги ишмердүүлүгү ар кандай ишкана, уюмдар, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигүү болуп саналат.

"Айко Сейко аталышы япон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Япон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биздин ураан: Кыргыз өлкөсүндөгүлөрдү ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздайбыз", - деди Кубан Жусуев.

Ал президентке Каракол шаарындагы кышкы эс алуу базасы үчүн лыжа тебүүдөгү атайын кийимдерди тигүүнү баштоо боюнча жакынкы пландары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кубан Жусуев өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышы боюнча көйгөйлөр тууралуу, анын натыйжасында келишимдин мөөнөтү үзгүлтүккө учурап, өнөктөштөр менен келишимдер бузулуп жатканын маалымдады.

Ишкана жетекчиси фабрикада 120 адамды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок коронавирус инфекциясын жуктуруп алууну алдын алуу максатында азыркы тапта 60 кызматкер иштеп жатканын кошумчалады. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аларды Казакстангы жана Орусиядагы ишканаларга жиберип турушат.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Алиев 2018-жылы фонд өндүрүш жана заманбап жабдууларды алуу үчүн бош турган имаратты оңдоп-түзөөгө 590 миң доллар насыя катары бөлгөнүн маалымдады. Бир жыл ичинде бардык иштер бүткөрүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкана жамааты менен баарлашып, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында өкмөт түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик менен өлкөнүн каржы институттары жер-жерлердеги ишканаларды колдоого артыкчылык менен көңүл бурушаарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: