Өзбекстанда 6 сааттын ичинде 238 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды
Коңшу Өзбекстанда 6 сааттын ичинде 238 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.
Маалыматка ылайык, 6 саатта коронавирус инфекциясы Ташкент шаарынан 117, Ташкент облусунан 114 жана Андижан облусундагы 7 адамдан аныкталган. Ал эми сутка ичинде 331 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда жалпы 25 миң 828 адамдан коронавирус аныкталды. 155 адам каза болсо, 16 миң 507 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.