super.kg logo

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула башталды

 

Нарында мамлекет тарабынан жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула башталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулганы калды. Имарат куруу үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты чечилип, курулуштун алгачкы жумуштары башталды. Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланат. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

70 орундуу оорукананын 20сы жандандыруу бөлүмдүк орунга ылайыкталат. Заманбап үлгүдөгү бокс палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда контакт аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү. Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жумушчулар 2 нөөмөт менен күнү-түнү иштешет.

Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: