super.kg logo

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова "Семетей" обсервациясын жугуштуу оорулар ооруканасы катары түзүп чыгуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова "Семетей" аскердик-талаа госпиталынын базасында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешмеге саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, эпидемиолог, инфекционисттер жана Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы орусиялык медиктер катышты.

Кеңешменин катышуучулары "Семетей" госпиталын инструменталдык-лабораториялык диагностикалоо жана коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн кайрадан түзүп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Мында жетиштүү өлчөмдөгү койко-фондду түзүү, анын ичинде жандандыруу бөлүмүн жана кабыл алуу блогун заманбап жабдуулар менен кошумча түрдө жабдуу сунушталууда. Күз-кыш мезгилинде жугуштуу оорулардын күч алуусун эсепке алуу менен кыска мөөнөттө госпиталдын базасында толук кандуу медициналык көмөк көрсөтүүнү уюштурууга байланыштуу кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү маселеси кабыл алынды.

Орусиялык адистер кошумча түрдө жугуштуу оорулар ооруканасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Себеби бул башка тармактык медициналык мекемелерге башка оорулууларды штаттык режимде кабыл алууга мүмкүндүк берет.

"Семетей обсервациясынын негизинде толук кандуу жугуштуу оорулар ооруканасын түзүү идеясы коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү процессинде пайда болду. Анткени биз анда бейтаптар үчүн 1000ден ашуун орунду даярдай алабыз. Ошондой эле ушул оорукананын базасында лабораторияны ачууну пландаштыруудабыз. Эгерде биз «Семетей» обсервациясынын аймагында жугуштуу оорулар ооруканасын негиздесек, анда бул стационар аймактагы эң ири жугуштуу оорулар ооруканасына айланмакчы», - деп билдирди Аида Исмаилова.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев орусиялык кесиптештерге жалпы республиканын саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө практикалык жана уюштуруу-методикалык жактан көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: