super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков адам курмандыктарына алып келген суу ташкынына байланыштуу Кытайдын президенти Си Цзиньпинге көңүл айтты

 

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү адам курмандыктарына алып келген суу ташкынына байланыштуу көңүл айтты. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жана бир топ кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү масштабдуу суу ташкыны тууралуу кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу ташкынынын кесепетинен туугандары менен жакындарын жоготкондорго чын ниеттен көңүл айтам, жабыр тарткандарга болсо тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин башында турган Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигине кытай эли табигый кырсыкты сөзсүз жеңип чыгарына жана тез арада кадимки турмушту калыбына келтирерине ишенерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: