super.kg logo

Нарында суюк кычкылтекти жеткире турган борбордук систем ишке кирди

 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук систем курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Мындай систем кычкылтек концентраторлорун жана кычкылтек баллондорун алмаштыра турган жогорку сапаттагы медициналык тейлөөгө шарт түзөт. Суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, провизор, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар камсыздалат.

Кыргыз өлкөсүндө жакын арада гана пайда болгон кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Бул ишти “Бишкек Тех Газ” ачык акционердик коому ишке ашырды.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков: “Борборлоштурулган суюк кычкылтек станциясынын коюлушу бейтаптарды дарылоодо абдан чоң жеңилдик бере баштады. Себеби бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетери болжолдонууда”, - деп белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: