super.kg logo

Чилиде желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды

 

Чилиде соода тармагында желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Бул жөнүндө аталган өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Каролина Шмидт Tвиттердеги баракчасында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Чилиде желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу иштери 2018-жылы эле башталган. Ал эми учурда акыркы тыюу салуу чечимин чыгарып жатышат.

"Бүгүн кичи жана орто дүкөндөрдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган акыркы кадам", - деген Каролина Шмидт.

Буга чейин желим баштыктардын супермаркеттерде колдонууга тыюу салынган. Ал эми 2 жыл ичинде 5 миллион баштык сатууга гана уруксат берилген. Эгер талапты аткарбагандар болсо, аларга ар бир баштыкка 250 миң песо (330 доллар) өлчөмүндө айып пул салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
04.08.2020. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да ушу закон кирсе жакшы болмок. Чупорок, кагаздан эле жакшынакай баштык жасаса деле болот да. Айлана чойробуз тазарат эле биртоп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: