Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миңден ашуун абитуриент өтүнмө тапшырды
Колледждерге кабыл алуунун I турунда 22 миң 70 абитуриент өтүнмө тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан колледждерге кабыл алуунун https://spuz.edu.gov.kg/ онлайн порталына 22 миң 70 өтүнмө катталды. 3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштады.
3-6-август күндөрү – абитуриенттер орто кесиптик окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.
Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында, билим алуу ниетин тастыктоо үчүн колледждер 3-августтан тартып абитуриенттерге телефон аркылуу чалышат. Документтердин түп нускаларын студенттер орто кесиптик окуу жайларга окуу жылдын башында бериши керек.
