Өлкөдө Улуттук антидопинг борбору түзүлдү
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында Допингге каршы күрөшүү дирекциясы "Улуттук антидопинг борбору" түзүлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Дирекция допингди жок кылуу максатында ал менен күрөшүп, спортто допингди колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат.
Дирекция төмөнкү милдеттерди аткарат:
• Кыргыз Республикасынын территориясында антидопинг саясатын ишке ашыруу;
• Антидопинг саясатын иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү;
• Дүйнөлүк антидопинг Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылуу;
• Кыргыз Республикасынын спортчуларынын арасында таза спортту жайылтуу.
Мамагенттик – Дирекциянын уюштуруучусу. Мекеме Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан.
