Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды
"23-июлдан тарта Баткен облусунун бардык район шаарларында дарыгерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үймө-үй кыдыруу жумуштарын баштаган. Алар жер-жерлерде элдин саламаттыгын текшерип, медициналык кеңеш берип, жардам көрсөтүшөт. Зарыл болсо ооруканага дарыланууга жиберишет. Бүгүнкү күндө, 2 миң 150 үй-бүлө текшерүүдөн өттү. Бул аракет кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жасалууда", - деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүн, 4-августта болгон брифингде.
Ошондой эле Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды.
"Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат", - деп билдирди Абдрахманов.


1 |