super.kg logo

Нарын шаарында жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат

 

Нарын шаарында жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Нарын шаарында өкмөт тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат. Учурда ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жакын аймактан жер аянты сатып алынып, курулушту баштоо жумуштары жүрүп жатат.

Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат.

Дарыгерлердин бөлмөлөрүнөн сырткары бейтаптарды жаткырып дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот. Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, 17 миллион 500 миң сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган.

Айта кетсек медициналык борбордун курулушу, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун ичине кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: