super.kg logo

Оштогу коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

 

Бүгүн, 4-августта Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчилиги жана адистери, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга административдик айыптар салынып, эскертүүлөр берилди.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн аралык сактоосу жана бет кап кийүү тартибине көңүл бурулду.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 101 айдоочуга санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн чара көрүлгөн.

Текшерүү иштери уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.08.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурункудай эле бир күн рейд болуп эле баарын "Ок" дебеш кк да
05.08.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчкандай аралык сакталбай эле тыгылып эле чыгып атпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: