"25 жаштагыдай". Нидерландынын 53 жаштагы тургуну жаш көрүнүүнүн сыры менен бөлүштү








Нидерланды өлкөсүнүн тургуну Эдсон Брандао учурда 53 жашта. Бирок аны биринчи көргөн адам 25те деп ойлойт. Себеби ал өзүнүн жашынан эки эсе жаш көрүнөт. Ал өзүнүн жашоо образы, жаш көрүнүүнүн сырлары менен жергиликтүү басылмаларга берген маегинде бөлүшкөн.
Эдсон Брандаонун айтымында, аны менен биринчи жолугуп жаткан адамдар жашын укканда таң калганын жашыра алышпайт. Ал эми айрымдары эч ишенбейт. Брандаону көпчүлүгү пластикалык операция жасаткан деп ойлошот, бирок ал ушул күнгө чейин пластикалык операция жасатпаганын билдирген. Жаш көрүнүүнүн сырын туура тамактануу, терисине туура кам көрүү, спорт менен машыгуу жана позитивдүү ой жүгүртүүсү менен түшүндүргөн.
Мындан тышкары ал кум шекер, куурулган жана майлуу тамактарды, тез даярдалуучу татымдарды колдонбойт. Ошондой эле чылым чекпейт алкоголдук ичимдиктерди ичипейт, баңги затын да колдонбойт. Анын айтымында, 53 жашта болгонуна карабай, өзүн 25 жаштагыдай эле күч-кубаттуу сезет.

Ичесизби:
-жок өмүрүмдө ичип көргөн эмесмин дейт.
Чегесизби:
-жок өмүрүмдө чегип көргөн эмесмин дейт.
Аял алгансызбы:
-жок өмүрүмдө үйлөнгөн эмесмин дейт.
Журналист а сыры ошондо экен деп кетейин десе кошуна бөлмөдөн катуу кыйкырык угулат, ал эмне болду деп грузинден сураса:
-ал менин агам болот кап этпениз, ичип келсе эле аялдарын сигарет таап