super.kg logo

"Кылым жаша, кылым оку". Италияда 96 жаштагы ардагер университеттин бүтүрүүчүсү болду

 
Италияда 96 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Жузеппе Патерно жогорку окуу жайды бүтүрүп, диплом алды. Муну менен ал өлкөдөгү эң улуу бүтүрүүчү аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Ага ылайык, бир нече күн мурун Патерно Палермо университетинин акыркы бүтүрүү сынактарын тапшырып, диплом алган. Университеттин социология илимдеринин профессору Франческа Риццуто ардагерди "жаш студенттер үчүн үлгү" деген.
"Мен азыр же эч качан деп айттым. Ошентип 2017-жылы окууга тапшырдым. Бир аз кеч болгонун билем, бирок бул нерсе колумдан келеби көрөйүн дедим", - деген ардагер бүтүрүүчү.
Жузеппе Патерно Сицилияда кедей үй-бүлөдө туулган. Ал аскер деңиз флотунда моряк болуп, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Мындан сырткары дипломдук ишин 80-жылдардагы жазуу машинасына жазган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: