Кытайда бир суткада 51 адам коронавируска кабылганы айтылды
Кытайда бир суткада 51 адамдан коронавирус илдети тастыкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматына таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, илдет тастыкталган 51 адамдын 27синде вирустун симптомдору бар болсо, 24ү ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Катталгандардын 22си Синьцзян-Уйгур автономдук районунда болсо, калгандары Пекин, Шанхай, Сычуань жана Шэньси шаарларында.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 88 миң 206 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 676 адам каза болгон. 81 миң 234 бейтап сакайган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.