super.kg logo

"Кайрылуу жасаганыбызга карабай, жыйынтык жок". Октябрь айылынын эли эки аптадан бери таза суусуз жашап жатышат (видео)

 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылынын жашоочулары таза суу жок кыйналып жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары SUPER.KG порталына кабарлашты.

Айтымдарында, алар таза суусуз күн көрүп жатканына бир айга чукулдап калган. Бул убакыт аралыгында кайрылууларга карабай, маселе чечилген эмес.

Көйгөй тууралуу айылдык кеңештин депутаты Гүльмира Авазова да үн катып, жашоочулар суу жок, кыйналып жатканын айтты.

“Элге чынында кыйын болуп жатат. Биздин жашоочулар акимге кайрылуу дагы жасашкан. Суу келчү түтүктөрдү оңдоп-түзөө үчүн көп акча керек деген сөздөр да айтылууда. Бирок канчалык деңгээлде иштин жүрүп жатканы бизге табышмак болуп турат. Таза суу жоктугуна байланыштуу пандемияга карабай, башкалардын үйүн сагалап жүрүп скважиналардан суу алып, кыйналып жатабыз. Алар дагы бирде эшигин ачса, экинчи күнү ачпай коюп жатышат. Ооба, түшүнөбүз алар суу үчүн акча төлөшөт.

Айылда эл көп, алар кайсы жактан суу алып жашап жатышканын тиешелүү тарап ойлоп, тез арада чара көрсө жакшы болмок. Ал эми жергиликтүү бийлик азыр убактылуу иштеп жатат. 2 ай мурун кум суу чыгып, кээде суу токтоп калып жаткан. Жашоочулар эле эмес, ошол убактылуу шайланган жергиликтүү бийлик өкүлүнө өзүм да кайрылуу жасагам. Ал башка кишилерге шылтап койгондуктан, натыйжа боло элек. Андан бери эки жолу сессия өткөргөнүбүзгө карабай, жыйынтык болгон жок. Биздин айыл өкмөт өтө кембагал, бюджети жарды болгондуктан, бул маселени чече албай жатат. Ошондуктан биз жогорку бийликке үнүбүз жетсе дейбиз”, - деди Авазова.

Ал эми бул маселе боюнча SUPER.KG порталы экинчи тараптын да жообун жарыялайт.






Октябрь айылынын жашоочусунун акимге кайрылуусу

Октябрь айылында бир айга чукул убакыттан бери таза суу жок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: