super.kg logo
  Саясат  

Президент Дүйнөлүк банктын Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү менен жолугушту

 

Бүгүн, 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен өлкөдөгү анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту.

Жээнбеков Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргыз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кризистик мезгилдеги жеке салымын белгиледи.

"Сиз Кыргыз мамлекети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө сезилерлик салым коштуңуз. Аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жана балдарды колдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын стратегиялык демилгелерин колдогонуңуз үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирем", - деди президент.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүндөгү жакырчылыкты азайтууда жана социалдык курч көйгөйлөрдү чечүүдө Дүйнөлүк банктын ордун жогору баалады.

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын калкы үчүн маанилүү болгон "Таза суу" жана ирригация түйүндөрүн жакшыртуу программаларынын алкагындагы долбоорлор, ошондой эле инфратүзүмдөрдү жана өлкөнүн энергетикалык потенциалын өркүндөтүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Болормаа Амгаабазар колдоо жана кызматташуу үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргыз мамлекетиндеги өзүнүн миссиясын өтөгөн мезгилде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо таап, өлкө жетекчилиги менен жемиштүү кызматташканын белгиледи.

"Кыргыз өлкөсүндөгү ишмердүүлүгүм учурунда биз биргелешип 20га жакын долбоорду аягына чыгардык. Мага бул жерде иштөө абдан ыңгайлуу болду, себеби Кыргыз өлкөсү көп жагынан менин мекеним - Монголияга окшош. Мен Кыргыз мамлекетине сөзсүз кайтып келем", - деди Болормаа Амгаабазар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: