super.kg logo

COVID-19га байланыштуу быйылкы окуу жылы онлайн режимде башталат

 

"Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик билим берүү уюмдары үчүн пандемия убагында жаңы окуу жылында онлайн билим берүүнү ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында консультативдик кеңешин түзгөн", - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров.

Анын айтымында, кеңеш 3 багытта иш алып барат: студенттерди, мугалимдерди жана окуу-жайдын администрацияларын колдоо боюнча.

«Санариптик билим берүүнү жайылтууда санариптик технологияларды колдонууда билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбасын эксперттер талдап чыгып, колдонушат. “Тең-теңине” принциби боюнча консультативдик кеңештин эксперттери тарабынан билим берүү уюмдарына, анын ичинде региондордо жайгашкан окуу жайларга, онлайн режиминде билим берүүнү жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар окуу жайлар тарабынан көмөк көрсөтүү уюштурулат”, - деп белгиледи ал.

Төмөнкү сунуштар иштелип чыгууда:

Билим берүү мекемелеринин администрацияларына пандемия шарты менен онлайн режиминде билим берүүнү уюштуруу маселесин чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.

Окутуучулардын, жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо жана сунуш кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда. Практикалык колдонмо иштелип чыгып, ал студенттер үчүн, айрыкча биринчи курстун студенттери үчүн онлайн режиминде пайдалуу практикалык куралы болуп калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.08.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперде акыйкат жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: