Дональд Трамп Ливандагы жарылууну чоң чабуул деп атады
Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуу чоң чабуул болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп маалымат жыйыны учурунда айткан.
"Бул өндүрүштүк жарылуу эмес окшойт. Биздин айрым генералдар жарылуу чоң чабуул болушу мүмкүн деп эсептешет. Алардын ою боюнча, бул кол салуу болду. Жарылууда көптөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар оор жаракат алды. Америка Ливанга жардам берүүгө даяр", - деген Трамп.
Бейрут шаарындагы жарылуу кечээ, 4-августта болгон. Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

ИГИЛ деген саясат-терордук уюмдун башында дал ушул АКШ турат, булардын максаты мусулмандарды дүйнөгө жаман көрсөтүү!