super.kg logo

Президент дарыгерлердин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүрүп, көз жумган медицина кызматкерлеринин катарлары дагы бир канча ысымдар менен толукталды. Алар пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алып, анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенген адамдар. Бүгүн мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат", - деп кайгыруу менен белгиледи мамлекет башчысы.

Президент кыргыз эли акыркы күндөрүнө чейин берген антына бекем турган дарыгерлердин ысымдарын ар дайым эстеп жүрөрүн баса белгиледи.

Алар:

  • Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;
  • Ысык-Көл районунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;
  • Чүй районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;
  • Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын тез терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;
  • Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;
  • Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери Валерий Гауп.

"Кыргыз жарандары адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу үчүн алардын жасаган көп жылдык эмгектерине болгон ыраазычылыктарын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакташат. Пандемия башталган күндөн тартып алар коронавирус инфекциясына каршы алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштурууга чоң салым кошушту. Медицина кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: