super.kg logo

"Microsoft" компаниясы TikTok'ту сатып алууга 30 миллиард доллар сарптайт

 
Америкалык "Microsoft" компаниясы TikTok тиркемесин сатып алууга 30 миллиард доллар сарптайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Кытайга тиешелүү социалдык байланыш болгон TikTok 30 миллиард долларга бааланууда. "Microsoft" жана тиркеменин ээси "ByteDance" компаниясы үч аптанын ичинде сүйлөшүүлөрдү аяктоону пландоодо.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп TikTok'ту эгер америкалык компания сатып албаса, өлкө ичинде тиркемени колдонууга тыюу саларын билдирген. Ал тиркеменин америкалык колдонуучуларынын жеке маалыматы кытай бийлигине берилет деп эсептейт.

TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.

Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат. Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.08.2020. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тик токко окшогон программа чыгарып сатат окшойбуз
06.08.2020. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин ушундай тик тогум болгондо сатып туруп акчасын мамлекетибиздин карызына толойт элем, ниет кылып кое берейинчи
06.08.2020. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni,+ басайн дедим эле
06.08.2020. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тик-Токтун кымбатташы, Адамдар акылынан айнып бараткандын белгиси.
06.08.2020. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро 1 млрд коротуп жаны бир нерсе ача коюшпайбы
06.08.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,ошондо кадыр барк, адам топтош кыйын да кайрадан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: