super.kg logo

Өкмөт башчы: "Калкты эмдөө үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек"

 

Республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кубатбек Боронов жарандардын аярлуу катмарларына мезгилдик сасык тумоого каршы өз убагында эмдөө жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Адистештирилген түзүмдөр калкты эмдөө үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн абдан маанилүү иш-чара", - деди премьер-министр.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Талас облустарын медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жыйында облустардын жетекчилери докладдары менен маалымат беришти.

Өкмөт башчы медициналык мекемелердин жеке коргонуу шаймандары жана дары-дармектер менен камсыз болушу боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

"Райондордун башчылары жогоруда көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле келип жаткан гуманитардык жардамды, дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Региондордогу медициналык мекемелер зарыл болгон бардык каражаттар менен толук камсыздалууга тийиш. Мындан тышкары региондордо зарылчылык келип чыкса, кошумча бөлмөлөрдү жана керебеттерди даярдоо ишин улантуу маанилүү", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: