super.kg logo

Париждеги Эйфель мунарасынын чырактары Бейрут шаарында каза болгондорду эскерүү үчүн өчүрүлдү

 

Париждеги Эйфель мунарасынын чырактары Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондорду эскерүү үчүн өчүрүлдү. Мындай чечим шаар мэри Анн Идальго тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түн ортосунда өлкөнүн башкы көркөм жерлеринин бири болгон Эйфель мунарасынын жарыктары өчүрүлгөн.

"Бул күн Бейруттагы жарылуудан каза болгондордун баарынын жаркын элесине арналат", - деп шаар мэри Твиттердеги баракчасына жазган.

Ошондой эле өлкө бийлиги Ливанга 100 миң евро өлчөмүндө жардам жөнөтүү ниети бар экендигин билдирген.

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 135ке жетти. 5 миңге чукул адам жаракат алышкан.
Бейрут шаарындагы ири жарылуудан улам эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечими кабыл алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: