super.kg logo

Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында финансылык пирамида оюндарына катышкандар көбөйгөнү айтылууда. Мэрия аларды сак болууга чакырат

 

Акыркы кезде Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында финансылык пирамида оюндарына катышып жаткандар көбөйүп жатканы байкалууда. Ушундай оюндардын кесепетинен көптөгөн жарандарыбыз акча каражаттарын алдатып, кайра алалбай жатышат. Мындай маалыматты Балыкчы шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэрия тургундарды мындай оюндарга катышуудан сак болууга чакырып, кайрылуу жасаган.

"Азыркы убакта Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында акча каражатын салып жана аны эки эсе көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына күбө болуудабыз. Эгерде сизге кандайдыр бир акча каражаттарын көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына кошулуп ойноого чакырыктар болсо, мындай алдамчылык жолдорго барбооңуздарды сунуштайбыз", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.08.2020. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Барбоого чакырабыз дебей ошо оюн уюштургандарды кармаса болбойбу?
Kattaldym түзөттү 2020-08-06 09:15:38
06.08.2020. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kattaldym,кармай алышпайт.бир аял 12млн чогултуп алып алдап кетти.арыз жазышты.издешкен да жок.анткени акча алып коюшкан.ишенип акча салбагыла.сак болгула
06.08.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kattaldym, аларды кантип кармайт, сетевой маркетинг кылгандарга мыйзам жок, бирок Муфтият тарабынан "сетевой маркетинг арам" деген фатва чыккан. Демек арамга аралашкан өздөрүндө дагы күнөө
06.08.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир адам 7,8 адамдын акчасын алып жок болот, анан 8 адам өздөрү адам издеп күйүп калат
06.08.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Токумун жеп калгандар экен
Идиш дегенине номеримди кошуп коюшкптур
Тыйын салбадым, байкап отурсам бири бирин алдап акча салдырмай
Кыйындары финишке жетип, бошураактары акчасын салып коюп отурушат кутууп.
Сен киши таппай атасын, артка туш деп кете беришет экен.
Бул бир киичинеси
А миндеген евролорду салгандар да жок эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: