super.kg logo

ЖРТнын сертификатында ката кетип, абитуриентти ЖОЖ кабыл алуудан баш тартты. Билимди баалоо жана усулдар борбору дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок дейт

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн ката берилген сертификатынын айынан абитуриентти жогорку окуу жайларга кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу журналист Кайыргул Урумканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, абитуриент кыздын атасынын аты ката менен жазылып калган сертификатты беришкен. Ал кыз катаны көрүп айтканда, эч нерсе болбойт жогорку окуу жайга тапшыра берсе болот деп коюшкан. "Бирок ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы документтерди кабыл алуудан баш тарткан. Туура кылышкан. Эмнеге башкалардын кетирген катачылыктарына жооп бериши керек? Буга ким жооп берет?" - деген Кайыргул Урумканова.

Бул боюнча Билимди баалоо жана усулдар борборуна байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Эгер сертификат туура эмес берилип калса, бир күн ичинде аны кайрадан алмаштырып бере алабыз. Бул жерде дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок", - дешти алар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.08.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде сабатсыздар толтура,креслодо олтурган.
06.08.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адам ката кетирет. Алмаштырса болотго
06.08.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура, документ деген документ. Банкта деле Бир тамга туура эмес болсо акча бербейт ко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: